Кыргызстандын аймагында 21-23-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
«Синоптиктер 24-27-июлда аномалдык ысык болот деп болжолдонууда. Абанын температурасы жогорулап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетиши күтүлөт», — деп берилет маалыматта.