7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк-Жардагы Панорамадан 30 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылды

1558

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылына жакын жайгашкан Панорамадан 30-35 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрү билдирет.

Айыл тургундарынын айтымдарына ылайык, ал тоонун чокусунан өз боюн таштаган, жана ошол жерде көз жумган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгына кечээ, 20-июлда саат 06:06да Панорама аймагындагы Көк-Жар айылынын тургундары чалып, белгисиз аялдын сөөгү тууралуу кабар беришкен. Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери жерине барып аялдын сөөгүн табышкан. Азырынча анын өздүгү тактала элек. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1559