Президентинин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Ал селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.
Марипов эки күндүк иш сапардын алкагында Жалал-Абад облусуна барат.
Маалыматта, селдин кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлөөрү айтылат.