Бүгүн, 30- июль Нью-Йорктун бийлиги COVID-19га каршы вакцина алгандарга сый акы катары 100 доллардан берээрин жарыя кылды. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарынын мэриясынын Twitter-аккаунтуна таянып РИА новости басылмасы жазып чыкты.
«Жума күндөн тарта шаардык пунктардан вакцинанын биринчи дозасын алып- 100 доллар кошо алыңыздар»- деп жазылат.
Бул Нью-Йорк бийлигинин элди вакцина алууга үндөгөн алгачкы аракети эмес. Жазында вакцина алгандарга лотерея билетин тараткан. Мындан сырткары көз карандысыз уюмдар тарабынан марихуана берилгени да айтылат. Эске салсак бул шаарда марихуанага тыюу салынбайт.
Бүгүнкү күндө бийлик, шаар тургундарынын 54,4% вакцина алгандыгын билдирет.