7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат

1119

Талас облусундагы Киров суу сактагычына гидроэлектрстанция куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Учурда ГЭС курула турган аймакта геодезиялык жумуштар жүргүзүлүүдө. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев ГЭСтин кубаттуулугу 30 мегаватт болот. Анын иши сугат суу системасына эч кандай таасирин тийгизбейт.

ГЭСтин курулушуна 22 млн доллар кетери болжолдонууда.

Эске салсак, Киров суу сактагычынын курулушу 1965-жылы башталып, 1975-жылы аяктаган. Анда топтолгон сууну сугат иштери үчүн Талас облусунун тургундары жана коңшу Казакстан колдонуп келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1120