Бишкек шаардык кеңешине 11-июлда шайланып, мандатка ээ болгон талапкерлер, эртең 30-июль алгачкы олтурумга жыйналат. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы соңку чечимин жарыялагандан 3 күн ичинде, шайланган талапкерлерге мандат (күбөлүк жана төш белги) тапшырылат.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешине 18 партия ат салышып, 6 партия 7%дык босого баллдан жогору добуш топтой алган. Алар;
- «Эмгек» — 11 мандат;
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 9 мандат;
- «Ишеним» — 8 мандат;
- «Ынтымак» — 7 мандат;
- «Өнүгүү-Прогресс» — 5 мандат;
- «Социал-демократтар» — 5 мандат.