Жуманын башында Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, экинчи орунга чыккан “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынын добушун жокко чыгарган.
Аталган партия БШКнын чечимине макул болбой, Ош шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот, кечээ 28-июлда «Биздин Кыргызстан» партиясынын арызын карап, БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкандыгы айтылган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту да кубаттагандыгын партиянын лидери Айбек Осмонов жазып чыккан.
Бүгүн, 29-июлда БШК бул маселе боюнча Жогорку сотко кайрылгандыгын кабарлады.
БШК, «Биздин Кыргызстан» партиясынын добушун жокко чыгарууга, эмне себеп болгонун ачыктабай, туюк гана добуш сатып алууга айыпталгандыгын айтып келет. Комиссиянын олтуруму тартылган тасма түз эфир катары интернетке жүктөлгөн, бирок түшүнүксүз себептерден улам, аталган партиянын маселеси каралып жаткан учурлардын үнү өчүрүлгөн.
Бул атайын жасалган монтажбы же техникалык катачылыкпы азырынча белгисиз. Бирок, ошол эле тасманын Бишкек, Токмок шаарларындагы мыйзам бузуулар каралып жаткан учурунун үнү бар, жана эч кандай техникалык ыңгайсыздык жаралган эмес.
https://www.youtube.com/watch?v=1MiFi0xdsV4
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.
Ош шаарынын Аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, БШКга бекитүүгө жөнөткөн. Ага ылайык, мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.