7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азамат Абсаттаров Бишкек мэриясына ишке кирди

2734

Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева кабарлайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси болуп Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович дайындалды.

Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.
Аппараттын жаңы башчысы Талас облусунун тургуну.

Азамат Абсаттаров Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэринин пресс -катчысы болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2735