7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Айсулуу Тыныбекованы күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады

2622

Бүгүн, 4-августта Президент Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекованы ушул күндөрү Токиодо  өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекованын өзүнүн даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров өзүнүн үй -бүлөсү менен финалдык таймашты көргөндүгүн, мындан тышкары, жүз миңдеген мекендештер түз эфирдеги күрөштү көрүп, Айсулууну сүрөп турушканын кошумчалады.

«Бул бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына чың ден соолук жана жаңы-жаңы жетишкендиктерди каалап, Мекенине аман-эсен кайтып келип алышын тиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2623