7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Галина Байтерек: Мээримдин атасы ызаасынан айтып жатса керек

6896

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медал ээси болгон Мээрим Жуманазарованын биринчи тренери, атасы Дүйшөн Жуманазаровдун Токиого барбай калгандыгы боюнча айткан пикири коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Коштоп жүргөндөрдүн бири  Президенттик Администрациясынын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек «Kaktus.media сайтына комментарий берип, Мээрим Жуманазарованын атасы жана жеке машыктыруучусу  эмне үчүн  делегациядан чыгарылып калганын  айтып берген.

«Машыктыруучулардын өзүнчө квоталары бар. Спортчулар менен түз иштеген жетекчи жана улук машыктыруучулар, аларды расмий түрдө машыктырышат, мамлекеттен айлык алышат. Мээрим Жуманазарова боюнча анын расмий тренери Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев башкы тренер. Мээримдин атасы жеке тренери, аны тогуз жашынан бери спортко тарбиялап, өзү алып келген. Бул жолу, Пандемиядан улам Олимпиаданын уюштуруучулары квотаны кыскартты, жеке машыктыруучулар киргизилген жок. Балким, Мээримдин атасы ызаасынан (обида) ушундай билдирүү жасаган, бирок бул учурда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Мамлекеттик агенттик ага жагдайды түшүндүрүп берди » — дейт Байтерек.

Анын айтымында, Олимпиада комитети спорттук жана административдик квоталарды сунуштайт. Байтерек президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы катары административдик квотанын алкагында барган. Ал муну президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев менен бөлүштү. Касымалиев оюндун ачылышына барып, Бишкекке кайтып келген соң, Байтерек жабылуу аземине катышуу үчүн барган. Анын айтымында, эреже боюнча чиновниктин ордуна башка адамды жөнөтүү мүмкүн эмес болчу.

Мамлекеттик спорт агенттигинин жогорку жетишкендиктеринин спорт бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбеков буга чейин Жуманазарованын атасына интервьюда айткандай эч нерсе убада кылынбаганын кошумчалады.

«Дүйшөн агайга эч ким эч нерсе убада кылган эмес, анткени квоталарды биз эмес, Олимпиада комитети таратты. 2018 -жылы биз аны Азия оюндарына делегациянын курамына кошууга мүмкүнчүлүк алдык, бирок бул жолу, тилекке каршы, жок болгон. Башка спортчулардын жеке машыктыруучулары да келген жок «, — деди ал.

Галина Байтерек кошумчалагандай, делегацияда Байгазы Кенжебаев Жогорку Кеңештин жалгыз депутаты. Бирок ал аялдардын күрөшү боюнча улук машыктыруучу экенин эске салды.
Эске салсак, Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров интервьюсунда спортко эч кандай тиешеси жок чиновниктер болгонуна карабай, делегациянын курамына кирбегенин айткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6897