Токио Олимпиадасында утуп алган медалдар арасындагы рейтингде Кыргызстан 61-орунга чыкты. Бул Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекованын күмүш медалы жана Мээрим Жуманазарованын коло медалынын негизинде.
Бул 4-август кечки саат 17:00гө карай алынган рейтинг. Калкынын саны 1 млдр 3 млндон ашык Индия өлкөсүнөн алдыга озуп чыгуунун өзү да Кыргызстан үчүн чоң олжо. Бул жерде канча спортчу катышып жаткандыгы да чоң роль ойнойт.
Бирок, биз ушуну менен гана чектелбейбиз. Алдыда жөө күлүк Дарья Маслова жана эркин күрөш боюнча 125 кг салмактагылар арасында күч сынашчуу Айаал Лазаревдей балбандар бар. Экөө тең эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.
Баса, Токио 2020 жайкы Олимпиада оюндарында эң көп медаль уткан өлкөлөр рейтиңгинде Кытай биринчи орунда. Экинчиде АКШ, үчүнчү орун өз мекенинде өткөрүп жаткан жапондордо.
Ал эми коңшу өлкөлөр ичинен Өзбекстан 30- рейтингде бара жатат. Азырынча алардын капчыгында 2 алтын медаль бар.
Түркия 50-орунда. Ал эми формасы эң стилдүү аталган Казакстандык спортчулар 75 орунда. Коңшу Тажикстандык спортчулар бир дагы медальга илешкен эмес, спортчулары куру кол мекенине кайтып келгендиги ММКларда жазылды.