7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова Юкакого утулуп, күмүш медалга ээ болду

1918

Токио 2020 жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын фаборити болгон Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште Япониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде утулуп калды. Мындан улам күмүш медалга ээ болду.

Таймаш болгону 5 мүнөттөй аралыкта болуп өттү. Бул аралыкта Япония балбаны 2 эскертүү, Айсулууга 1 эскертүү берилди.
Юкаконун бою кыска болгондуктан, Айсулуунун буттан чалуу ыкмасынан жакшы коргонду. Ошондой болсо да Тыныбекова 3 упайды тең буттан чалып топтоду.

Эске салсак ал буга чейинки 3 атааңдашын ай-буйга келтирбей жеңип келген. Мындан улам оюндун көрүүчүлөрү жана Тыныбекованын колдоочулары арасында «Айсулуу алтын алат» -деген ишеним чоң болчу.

Бул бир чети өкүнүчтүү, экинчи жагынан алганда Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынан күмүш байге алган 3-спортчу. Ал эми аялдар арасында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1919