7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооганстандык 143 аскер президент качкан соң Тажикстанга учуп өтүштү

1156

Бүгүн, 16-августка караган түнү 143 ооган аскери тик учак менен өлкөдөн учуп чыгып, Тажикстандын Хатлон облусунун Бохтар аэродромуна конду. Бул тууралуу “Озоди” тажик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 3 учак жана эки тик учак менен келишкен. Жанында ар түрдүү 55 курал-жарак да болгон. Алар президент Ашраф Гани өлкөдөн качып, баш калаа Кабул алынган соң, Тажикстанга учуп өтүшкөн. Ал эми Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги булактар ооган качкындары жергиликтүү университеттин жатаканасына жайгаштырылганын билдирди.

“Алардын арасында эки аял бар, кечээ кечинде учуп келишти. Азыр башка жакка которуу маселеси каралууда. Бирок чечим кабыл алына элек”, – деди атын атагысы келбеген маалымат булагы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1157