Бүгүн, 16-августка караган түнү 143 ооган аскери тик учак менен өлкөдөн учуп чыгып, Тажикстандын Хатлон облусунун Бохтар аэродромуна конду. Бул тууралуу “Озоди” тажик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 3 учак жана эки тик учак менен келишкен. Жанында ар түрдүү 55 курал-жарак да болгон. Алар президент Ашраф Гани өлкөдөн качып, баш калаа Кабул алынган соң, Тажикстанга учуп өтүшкөн. Ал эми Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги булактар ооган качкындары жергиликтүү университеттин жатаканасына жайгаштырылганын билдирди.
“Алардын арасында эки аял бар, кечээ кечинде учуп келишти. Азыр башка жакка которуу маселеси каралууда. Бирок чечим кабыл алына элек”, – деди атын атагысы келбеген маалымат булагы.