7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экзамендерди бүтүрүп берүү үчүн 10 500 сом пара алган ЖОЖдун мугалими кармалды

5449

Жалал-Абадда окуу жылы башталбай туруп, пара алган ЖОЖ мугалимдери кармала баштады.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү Жалал-Абад шаарындагы Жогорку окуу жайлардын биринде иштеген Динара аттуу окутуучу, эски окуу жылында алып кеткен экзамендерди бүтүрүп берүү үчүн 10 500 сом сый акы, пара талап кылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчалардын суммасын бир барак кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен алып, тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча А.Д.га карата Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренеси боюнча айыбы угузулуп, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5450