7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Ошто жана Ош облусунун айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

736

Бүгүн саат 10.00дөн 19.00гө чейин Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коомчулук менен байланыш жана ММК кызматы билдирди.

Анын айтымында, өчүрүү 1987 -жылы ишке берилген «Ош» газ бөлүштүрүүчү станциясындагы эски жабдууларын алмаштырууга байланыштуу.

«Мындай жумуштар өткөрүлүп туруусу керек, анткени, жылытуу сезонунда газ бөлүштүрүүчү станцияда болгон жүктөмдөр жогору болот. Ошого байланыштуу жылытуу сезонунда авариялык өчүрүүлөр аз болушу үчүн жай мезгилинде оңдоо иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737