Жалал-Абадда техникалык тейлөө станциясында чыккан өрттөн беш унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт Абдрахманов көчөсүндөгү тейлөө станциясында катталган.
“Өрттүн кесепетинен 1997 -жылы туулган жаран 1-даражадагы күйүк алып, жабыркаган. Жеринде ага тез жардам кызматкерлери жардам көрсөтүшкөн. Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда”, — деп берилет маалыматта.