Нарын районунун Учкун айылында 30-июлдан бери дайынсыз жоголгон жарандын сөөгүн дарыядан издешүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган А.Э. аттуу эркек киши 30-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин ИИМдин кызматкерлери менен туугандары биргеликте өз алдынча издешкен. Кечээ, 16 августта ӨКМне туугандары кайрылып Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранган.
Кечээ жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болбогон соң, бүгүн дагы издөө иштери уланат.