7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШ АУЦАда окуган 150 Оогандык студенттин окуу акысын төлөп берет

723

Кечээ, 18-август Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцердин менен жолугушту.

Жолугушууда министр Казакбаев АКШга Ооганстандан Кыргызстандын 15 жаранын Казакстан менен чогуу коопсуз эвакуация кылууга, андан мурдараак кыргыз жарандарын үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл аларын билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деп билдирүү тараткан.

Ооганстандык студенттердин басымдуу бөлүгү өлкөдөгү Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети, Нарындагы Борбор Азия университети жана Кыргыз-Түрк Манас университетинде билим алышат.

АКШ элчилиги Кыргызстандын бул демилгесин колдоорун билдирип, ага кошумча Борбор Азиядагы Америка Университетинде ооганстандык 150 студенттин окуусун каржылоого даяр экенин билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

724