7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажиктер «Головнойдогу» аң казуу иштерин токтотушту. Абал туруктуу

1011

Кечээ, 22-августта Баткен облусунун, Баткен районундагы Төрт-Көчө деп аталган жерден Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Эки-таш аймагында Кыргызстандын жарандарынын унааларан ташбаранга алуу жана тажик тараптын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын бет маңдайында жер казуу иштерин жүргүзүү фактылары талкууланган.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөө учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары тарабынан кошумча чаралардын комплексин аткаруу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, эки тараптын укук коргоо органдарына кыргыз жарандарынын унааларына таш ыргытуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүгө жардам көрсөтүлөт. Чек арачылар эки элдин ортосунда чыр чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн чек ара аймагынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына жакын жерде тажик тараптын жер казуу иштери да токтотулган. Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп сыпатталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1012