23-августта «Чыгыш-5» кичирайонунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунаа пешеходдо өтүп бара жаткан 13 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан улам кечээ, 26-августта каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирген.
Анын айтымында, бала кечээ,26-августта эртең менен каза болгон.
Окуя болжол менен саат 11:00 чамасында Чүй проспектисинде болгон. Баланын денесине ар кандай жаракаттар келтирилген жана Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Унаа айып жайга токтотулган.
Оорукана билдирген маалыматка ылайык, 2008-жылы туулган баланын баш мээси чайкалгандыктан дароо жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган.