7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Палестинаны 1:0 эсебинде утуп алды

634

Кечээ, 2-сентябрда, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Палестинанын командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, кыргыз футболчуларынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюндагы жалгыз голду кураманын жарым коргоочусу Азим Азаров киргизди.

Аталган достук турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын Азия Кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өтүүдө.

Белгилей кетсек, 2-7-сентябрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан, Палестина, Бангладештин улуттук курамалардын катышуусунда “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдеши жүрөт.

Оюндардын тартиби:

2-сентябрда: Кыргызстан — Палестина;

5-сентябрда: Палестина — Бангладеш;

7-сентябрда: Кыргызстан — Бангладеш.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635