7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кош бойлуу аялына ысык зым менен тамга басып, кордогон киши соттолду

7826

Жарандык никедеги кош бойлуу аялын шылдыңдап, кызыган зым менен денесине ар кандай тамгаларды жана белгилерди жазып күйгүзгөн кишиге сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук соту аны 15 жылга эркинен ажыратты, бирок ал өкүм менен макул эмес жана ага каршы даттанууга ниеттенүүдө.

Жактоочу Алмаз Ибраимовдун айтымында, 28 жаштагы Т.И.ге Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси боюнча айып тагылган:

  • «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер»;
  • «Кыйноо»;
  • «Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу»;
  • «Жеке жашоосуна кол тийбестик укугун бузуу»;
  • «Бейбаштык».

Соттолуучу жалпы кылмыштар үчүн 15 жылга эркинен ажыратылды. Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, ал узак убакыт бою өзүнүн 34 жаштагы жарандык аялы Жамиляны (аты өзгөртүлдү) кыйнап, мазактап келген.

Т. И. Жамиляны башка адамдарга кызганып, ага кимдир бирөө чалса сабап салчу.

«Бир жолу ал башына уруп, ал жыгылганда колдорун артынан бириктирип, скотч менен байлап койгон. Аялдын үстүнө чыгып, алдын ала даярдалган ысык зым менен көкүрөгүнө “И” тамгасын, жамбашына жүрөк түрүндөгү белги калытырып күйгүзгөн. Аялдын жыныстык мүчөсүнө дагы бир жүрөк түрүндөгү белгини койгон. Ал мунун баарын аялдын кыйкырганына карабай жасаган. Ошол эле учурда, эгер ал кимдир бирөө менен жолукса, Экөөнү тең өлтүрөрүн айткан.

Зомбулук болгон учурда аял кош бойлуу болгон.

Мындан тышкары, Т.И. анын сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин телефонго тартып, аялдын туугандарына мессенджерлер аркылуу жөнөткөн. Ал видеону интернетке чыгарам деп коркуткан. Андыктан Жамиля эч кимге бейбаштык тууралуу көпкө айта алган эмес”, — деп билдиришти укук коргоочу уюмдан.

Укук коргоочулар тергөө канчалык тез жана сапаттуу жүргүзүлгөнүнө, Ноокен райондук прокуратурасынын көзөмөл органы бул беш берене боюнча кылмыштын квалификациясын колдоп бергени үчүн канааттанат.

Бирок соттолгон адам бул өкүмгө макул эмес жана анын өкүмүнө даттануу ниети бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7827