7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-октябрдан тартып ар ай сайын берилчү айрым жөлөкпулдар 200%га көбөйөт

1148

Президент  Садыр Жапаров «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык колдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылды:

1)      2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 50 пайызга көбөйтсүн:

–       ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

–       ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

–       атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 1500 сомго чейин;

–       атасы менен энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

–       бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

–       бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин;

–       бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;

–       атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

2)      2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып

100 пайызга көбөйтсүн:

–        ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

–        ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

–       атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин;

–       бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

–       бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 6600 сомго чейин;

–       бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 5400 сомго чейин;

3)      2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 200 пайызга көбөйтсүн:

–       атасынан же энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;

–       атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;

4)      багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн атасынан же энесинен (атасы менен энесинен) айрылган учурда, эгерде аларда пенсиялык камсыздоого укугу болбосо, балдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнө теңештирүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

Алдын ала эсептер боюнча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынат:

ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 50 пайызга көбөйткөн учурда, кошумча 452,8 млн сом талап кылынат;

ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 пайызга көбөйткөн учурда, кошумча муктаждык 3 590,9 млн сомду түзөт.

Мындан сырткары, багуучусунан айрылган учурда балдардын ар айлык жөлөкпулу көбөйгөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияларды теңдөө зарыл.

Буга байланыштуу, республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттары талап кылынат: 2021-жылдын 1-октябрынан 138,0 млн сом өлчөмүндө жана 2022-жылдын 1-январынан – 970,0 млн сом.

Чыгашалардын каржылоо булагы республикалык бюджеттин каражаттары болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1149