Чүй ОИИББы буга чейин Степное айылында аялдын башы кесилген абалда табылган жана үйү өрттөлгөн деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-сентябрь күнү болжол менен саат 21:40 чамаларында Жайыл РИИБдүн нөөмөт бөлүмүнө Степное айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо учурунда үйдүн арткы тарабында аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын денесинде бир нече бычактан алган жаракаттары аныкталып, ал 1961-жылы туулган С.Т. аттуу аял экендиги аныкталды.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиннин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталган.
Сотко чейинки өндүрүш учурунда кошуналары суралып, алар каза болгон аялдын үйүндө 5-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында түтүн чыгып жатканын жана үйгө киришип уктоочу бөлмөдөгү матрацтын түтөп жатканын көрүшүп, аны сыртка алып чыгышып, дароо аялдын тууганына кабар беришкен. Кийин аялдын жансыз денесин көргөн соң милицияга кабар беришкенин билдиришкен.
Андыктан Чүй ОИИББы буга чейин Степное айылында аялдын башы кесилген абалда табылган жана үйү өрттөлгөн деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет. Белгилеп кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлери жансыз аялдын денесинде бир нече бычактан алган жаракттары бар экенин жана үйүндө өрт болбогонун белгилейт.
Учурда жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББнын жана Жайыл РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам топ түзүлүп, ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.