7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек ШИИБинин кызматкери 64 миң сом пара алып жатып колго түштү

1018

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын ШИИБ Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» таанышы менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Бишкек шаарынын тургуну «С.К.Б.»ны ордуктоо боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартаарын айтып коркутуп,  андан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Кечээ, 6-сентябрда шектелип жаткан Патрулдук милиция «А.А.К.» 64 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалган. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой пара берүүгө мажбур болгон жаранга карата зордуктоо же башка укук бузуу фактылары катталган эмес.

Аталган факт,  Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча катталып, тергөө андан аары уланууда. Ал эми кармалган милиция УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1019