Кечээ, 6- сентябрь күнү Каракол шаарынын Набережный көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, жакын жайгашкан турак үй, 3 унаа өрттөнүп кетти. Автосалондун жалпы аянты 176 ч.м. болгон, анын ичинде “Honda Odyssey”, “Volkswagen Bora” үлгүлөрундөгү жеңил унаалар толук күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө Каракол шаардык №15 ӨКБдан жалпы эки өрт өчүрүчүү унаа тартылып, саат 15:50 чектөөгө алынып, 17:02 толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн себеби такталууда.