7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайсы чиновник элиталык алкоголдорду аткезчилик менен ташып келип жүргөн?

1111
Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына аткезчилик менен алкоголдук ичимдиктерди ташып кирип жүргөндөр колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрь УКМКнын басма сөз кызмат кабарлады.
«4-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ар кандай аталыштагы 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар, жалпы суммасы 10 миллион сомго жакын, элиталык алкоголдук продукциялар табылып алынды.
Бул алкоголдук продукциянын ар биринин баасы Бишкектин базарларында 1000 сомдон 3000 сомго чейин эсептелинет» -деп жазылат расмий маалыматта.
Учурда мамлекетке келтирилген зыянды баалоо жүрүп жатат. Ошондой эле УКМК алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга  «бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу болсо керек»- деген версия текшерилип жаткандыгын билдирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1112