7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Конор Макгрегор Бруклиндеги сыйлык тапшыруу аземинде чыр чыгарды

1072

«UFC» уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор Бруклинде өткөн  «MTV Video Musiс Awards» иш-чарасында «Machine gun Kelly» деген ысым менен таанымал америкалык рэпер Колсон Байкер менен чырдаша кеткен. Бул тууралуу маалыматты «TMZ» порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Макгрегор ырчы Machine Gune Kelly менен чогу сүрөткө түшүүнү өтүнгөн. Рэпер баш тарткандан кийин мушкер ага стаканды ыргыткан. Чыр күч алып, Макгрегор ырчыны көздөй атырылганда жан сакчылар токтотуп калган.

Окуя 13-сентябрга караган түнү Бруклиндеги  Barclays Center аренасында болгон.Макгрегор үч жыл мурда да ошол эле жердин унаа коюлуучу жайында UFC мушкерлери келе жаткан автобуска кол салып чыр чыгарган.

Конор кийинчерээк журналисттерге MGK ким экенин тааныбай турганын, эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1073