7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 13 жаштагы инисин бычактап өлтүргөн өспүрүмгө соттун өкүмү чыкты

2136

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы инисин өлтүрүүгө айыпталган өспүрүм “С. у.А.”га карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда С.уулу А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Аффект абалында киши өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

«Кылмыш-жаза кодексинин «Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу» беренеси боюнча, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен үч жылга эркинен ажыратылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, үстүбуздөгү жылдын 17-мартында Мурас-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринен  13 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары анын 17 жаштагы агасы кармалган. Ал эми маркумдун талма оорусу менен жабыркай тургандыгы аныкталган. Милициянын маалыматына караганда, балдар айтыша кетип, агасы инисин бир нече ирет бычак менен сайып өлтүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2137