7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Россиядан алтын медаль менен кайткан жоокерлер сыйланышты

1386

Ала-Букада Москвада өткөн танк биатлонунда Кыргызстандын намысын коргоп, алтын медаль менен кайткан Ала-Бука районундагы 30670 аскер болугунун кызматкерлерин салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук Администрациясы билдирди.

Ала-Бука районунун акими Нурбек Сатаров чет жерде кыргыздын желегин желбиретип, гимнди жаныртып, жениш менен кайткан жоокерлердин эмгеги эбегейсиз зор экенин, элибиздин сыймыктуу уулдары болгонун баса белгиледи.

«Кыргыз армиясы күчтүү, сырткы душмандардан ар дайыма коргой аларына ишенем. Силерге ден соолук, иштериңерге ийгилик каалайм», — дейт ал.

Ошондой эле, администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү А.Сыргабаевдин атынан Ардак грамота жана белектерди тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1387