Президент Афганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын ачыктады
480
Бүгүн, 16-сентябрь Президент Садыр Жапаров Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Афганстан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.
«Биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасирин тийгизет. Кыргызстан Афганстан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактайт» -деди Жапаров.
Ошол эле учурда Мамлекет башчысы Афганстандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
«Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү болжонгус аскердик-саясий кырдаал чоң тынчсызданууну жаратууда жана ал тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Өз тарабыбыздан, биз биргелешкен ишти өз ара колдоо духунда улантууга даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз», — деп белгиледи ал.
Жапаров Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.