Жалал-Абад шаарында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад шаардык мэриясы шаар аймагындагы калктуу конуштарды, туристтик аймактарды, көп кабаттуу үйлөрдүн, мекемелердин аймагын жана башка коомдук жайларды тазалоо, иретке келтирүү жана көрктөндүрүү максатында, 18-сентябрда өтүүчү массалык ишембиликке менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-уюмдардын кызматкерлерин активдүү катышууга чакырат.
Белгилей кетсек, ишембилик «Эко Деми» коомдук фондунун ыктыярчылары менен биргеликте уюштурулууда.