7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалынан фото репортаж

542
Кечээ, 18-сентябрда, Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттыры, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери жана чет элдик меймандар катышты.
Профессор Мустафа Джеват Акшит Садыр Жапаровго имам Сарахсинин адамзатынын баалуулуктары жана дүйнөтаанымы тууралуу түрк тилине которулган «Аль-Мабсут» 31 томдук эмгегин тапшырды.
Фестивалда кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын этно-жарманкеси, Өзгөн жергесинин дыйканчылыктагы жетишкендиктери көргөзмөсү уюштурулган. Андан соң көрүүчүлөгө «Өзгөн менин жүрөгүмдө» театралдык прологу тартууланды.
Мамлекет башчысы ата-бабалардын тарыхый жана маданий мурастарын, алардын бири болгон «Өзгөн» комплексин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, «Өзгөн-Мунара-2021» иш-чарасынын уюштуруучуларына алардын элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн чоң ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543