7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаарынын кире беришине 7 млн сомго арка орнотулду, анын касиети эмнеде?

3812
Нарын шаарынын кире беришиндеги эки илбирстин эстелиги алынып, жеке ишкер Кылыч Исамамбетов тарабынан 7 млн сомго жаңы арка тургузулду.  Кечээ, 17-авгутстта анын расмий ачылуу аземи болуп өттү.
14 метр бийиктикте, сары таштан жасалган инсталляция кадимки боз үйдүн босогосунун элесинде же классикалык ромб түрүндө жасалган.  Адаттагы аркалардан айырмаланып анын ортосунан унаалар өтпөйт. Нарынга киребериштен Ак-Талаа менен  Ат-Башыга бөлүнүп кеткен жолдун ортосуна жайгаштырылган. Келген коноктор кадимки боз үйгө киргендей эле оң тараптан колуна суу көтөргөн ак элечек байбиченин эстелигин кезиктирет.  Сол тарапта алаканын жайып, ак батасын берүүчү аксакалдын эстелиги орнотулган.
 Арка — сырттан келген жарандарга алгачкы салам жана жергиликтүү эл тууралуу биринчи маалымат катары мааниге ээ. Кылыч Исамамбетов чыныгы кыргыздар жашайт делген Нарындын тургуну катары, арканын ар бир ташын кыргыздын каада-салты менен байланыштырып жасатканын айтат.
«Кыргызстандын 70% бизнесмендери Нарындан болгон менен, Нарынга эч нерсе жасалбай келет. 2 жыл алдын Нарындык ишкерлер чогулуп, «Нарынга эмне кылып беребиз»- деп сүйлөшүү жүргөн. Ошончо бизнесмен бар, бөлүшүп бөлүшүп алып, тарыхта кала турган курулуштарды куруучу мезгил келди. Мен ушул арканы оңдоп, демилгени баштап берейин деп сөз бергемин. Себеби мурдагы илбирстердин эстелигин айрымдар, «Эки мышык» деп мазактаган учурлар болгон. Сырттан келген туристтер Нарынга кыргыздын жашоосун көрүү үчүн келет,  меймандос кыргыз элинин каада салтын көргөзүү биздин милдет.  Кыргыздар эзелтен кыя өткөн адамга ак сунуп тосуп алып, ак батасы менен узаткан меймандос эл. Ошондуктан аркага аксакал менен байбиченин 3 метрлик эстелигин орноттук. Алардын кийген кимдери, турпаты чыныгы кыргыздын элесин чагылдырат. Артында Нарындын гимни жана учкай накыл кеп жазылды. Ар бир окуган адамда жакшы ой жаратат деген үмүт бар» -дейт Исамамбетов.
Чынында эстелик жүздөгөн жылдар бою, миңдеген адамдарды тосуп алып, узатчуу символ болуп калат. Анын ар бир ташы терең  философига сугарылып жасалуусу, келген-кеткендерге руханий азык болоор.
Эстегиликтин бир тарабында, «Адам баласынын өсүп өнүгүүсү, өз эне тилинин кудуретинде сакталган. Ата-бабалардан калган каада-салт, үрп-адат, ыйык мурастар аркылуу гана дүйнөгө таанылабыз. Биз ошондо адамзатты таң калтырган баалуулуктарга ээ болобуз» -деп жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3813