7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаарынын мери прокурордун тил каты менен камактан чыкты

1415

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков камактан бошотулду. Ага Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү жана тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаты негиз болгон.  Мындай чечим, кечээ 20-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган.  Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.

Самарбек Болотбеков  соттук териштирүү учурунда тергөөчүнүн уруксатысыз эч жакка чыкпоого, териштирүүгө тоскоолдук жаратпоого жана чакырган убакта барып турууга милдеттендирилди.

Ал 18-сентябрда УКМК тарабынан «Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган» деп тергелип жаткан иштин алкагында кармалган.

Азырынча УКМК шектүүлөргө каршы ким арыз жазганын жана иштин чоо-жайын толук кабарлай элек. 

Болотбеков Нарынга мэр болуп быйыл июнь айында дайындалган болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1416