7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

28-ноябрдагы шайлоону өткөрүүгө жардам көрсөтүү үчүн Республикалык штаб түзүлдү

816

28-ноябрга белгиленген  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Министрлер кабинетинин расмий сайтында жазылган маалыматка ылайык, шайлоо процессине өз мөөнөтүндө даярдык көрүүнүн, ачык-айкын жана таза шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Коопсуздук Кеңешинин катчысы Республикалык штабдын төрагасы болуп бекитилген.

Республикалык штабдын тең төрагасы катары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жана  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри бекитилген.

Республикалык штабдын курамына бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери,  Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817