Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 87-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров «Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.




