7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шыкмаматов министрликтен кетти, шайлоого катышабы?

573

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Шыкмаматов Алмамбет Насырканович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин бир катар ММКлар Алмамбет Шыкмаматов шайлоого бараарын жазышкан, бирок кызматтан кетүүсүнүн себебин өзү ачыктай элек.

Ал Президенттин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлигине ушул жылдын  11-февралда министр болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Ага чейин, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкер болуп катышкан.

Ал эми президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574