Бишкек — Ош жолуна альтернавтивдүү «Түндүк-түштүк» автожолунун 2-фазасы аягына чыгып калды. Бул тууралуу, Азия өнүктүрүү банкынын координатору Санжар Асаналиев билдирди.
“Жолдун 2-фазасына асфальт төшөлүп бүттү. Учурда эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат.Биринчи көпүрөнүн узундугу — 1 чакырым, экинчиси 400 метр. Жыл аягына чейин эки көпүрө тең курулуп бүтөт”-дейт Асаналиев.
Маалыматка ылайык, “Түндүк-түштүк» автожолун куруу иштери үч фазага бөлүнгөн. Биринчи фазасын 2022-жылдын ноябрында аяктоо пландалууда. Экинчи фазасы келерки жылы бүтөт. Ал эми жыйынтыктоочу иштер 2023-2024-жылдары аяктайт.
Эскерте кетсек, 2015-жылы башталган долбоордун наркы 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя, анын 560 миллиону өздөштүрүлгөн.