Соңку бир сутка ичинде Орусияда COVID-19га чалдыккан 852 бейтап көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.
Маалыматка ылайык, Орусияда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп, вирустун «Дельта» варианты да жайылууда.
“Учурда Москвада коронавируска чалдыккан жаңы бейтаптардын баарынан тез жайылуучу “Дельта» варианты табылып жатат”-деп билдирди Орус баш каласынын мэринин орун басары Анастасия Ракова.
28-сентябрга карата Орусияда калктын 28 пайызы гана коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү.
Эске салсак, Орусия коронавирус эң көп адамга жуккан дүйнөдөгү бешинчи мамлекет. Расмий статистика боюнча, бул өлкөдө 7 миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыкты.