Нурадил Баясов Кыргызстандын инвестициялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал 26-июлда Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалган.
2021-жылдын сентябрынан бери ал Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгында кыргыз тараптын атынан иштеп келген.
Эске сала кетсек, кечээ Алмамбет Шыкмаматовдун инвестициялар министри кызматынан шайлоо үчүн кеткени белгилүү болгон. Бүгүн Садыр Жапаров отставкасын кабыл алды.