27-сентябрга караган түнү Москванын Ольхо көчөсүндө ок атышуу катталып, кыргызстандык жаран жабыркаган. Бул тууралуу РенТВ каналынын маалымат порталы Москва ГУ МВДсына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн 2 жаран мушташа кетип, бири травматикалык мылтык менен жабырлануучуну атып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабырлануучу тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда кылмышка шектүүгө издөө жарыяланды.