7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 37жаштагы жаран кафеде эс алган соң жаш кыздын бычагынан каза болду

4009
Ош шаарында 27-сентябрдан 28ине караган түнү кафеде эс алган 20 жаштагы кыз 37 жаштагы эркек шеригинин бутуна бычак сайып, жабырлануучу ооруканада каза болду.  Бул туралуу Ош ШИИБинин басма соз кызматы бүгүн, билдирди.
ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан түнкү саат 02:55тер чамасында кабар келип, сол бутунан бычактан жаракат алган Мирбек аттуу жаран оор абалда келип, ооруканада каза болгону айтылган. Маркум 1984-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну экендиги белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, окуя түнкү саат 02:55тер чамасында орун алган. Маркум ошол түнү   Ош шаарынын С. Касымбеков көчөсүндө орун алган»Кенч» качесинде  С.Р(кыз) жана Р.А  менен спирт ичимдигин ичип эс алган. Сыртка чыккан соң ортодо уруш чыгып, С.Р. аттуу кыз бүктөмө бычак менен Ш.Мдин сол бутуна сайып жиберген.
«Окуя Ош ШИИБинде Жазык кодексинин 138-беренесинин ( Ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлгөн учурда «Кенч» кафесинин алдынан кан тактар жана  Ш.Мга таандык болгон кызыл-кочкул тактары бар абалдагы ак түстүү футболкасы, көк түстүү джинсы жана ак түстөгү крассовкасы буюм далилдери катары алынган. Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1999-жылы туулган С.Р убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул факты боюнча ар тараптуу тергөө аракеттери жүрүп жатат» -деп жазылат расмий маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4010