7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош аэропортунда чет элдиктерден акча алып жүргөндөр кармалды

1140
Ош аэропортунан чет элдиктерди опузалап акча алып жүргөн туруктуу канал аныкталды. Учурда  “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун  Чек ара кызматынын 20 кызматкеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы кабарлады.
«УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды.
Маалыматка ылайык, аталган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды» -деп жазылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1141