7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Видео: Үйдү тоноого шектелип 17 жана 19 жаштагы балдар кармалды

965

Бишкекте жеке турак жайды тоноого шектелип 17 жана 19 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү тартип сакчыларга аял кайрылып, саат 10:30да белгисиз адамдар анын үйүнө терезесин талкалап кирип, 850 доллар, 15 миң сом жана зер буюмдарын алып кеткенин билдирген. Кылмышкерлер аялды 137 миң сом чыгым тарттырган.

Милицияга уурулук болгон учурдун видеосу берилген. Кадрга эки киши үйдөн пакет көтөрүп чыгып, такси деген логотиби бар автоунаага отуруп кетип калганын көрүүгө болот.

Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

966