Бишкектеги №203 маршруткага коляскасы бар балалуу келинди түшүрбөй койгон айдоочуну кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы М.Б. аттуу айдоочу экендиги аныкталып, ал түшүндүрмө берген. Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен машруттун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын айдоочу төлөгөн. Айдоочу ошол себептен колясканы салонго салган эмес. Бул үчүн ал жалпы коомчулуктан кечирим сурарын билдирген.
Азыркы учурда аталган айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин райондук милициясына жеткирилди.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда аялдамадагы жаңжалдын видеосу тарап, анда №203 маршруттук каттамдын айдоочусу күч колдонуп, коляскасы бар балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram