Борбордук шайлоо комиссиясы саясий үгүт иштеринин козөмөлдөө максатында TikTok менен кызматташат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-сентябрда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен TikTok социалдык тармагынын КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен өз ара кызматтуу боюнча аймактык директору Александр Страхов менен жолугашкан.
Шайлдабекова 28-ноябрда өтө турган өлкөнүн парламентине депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берип, TikTok платформасын шайлоону адилеттүү өткөрүүгө жардам берүүгө чакырды.
“Парламент депутаттарын шайлоонун жаңы аралаш системасынын киргизилишине байланыштуу, депутаттар ачык тизме боюнча саясий партиялардан да, бир мандаттуу округдарда да шайланса, жалпысынан миңге жакын талапкердин катышуусу күтүлүп жатат. Алар маалымат мейкиндигинде, анын ичинде социалдык тармактарда бири-бири менен активдүү атаандашат”, — деп белгиледи.
Шайлоого жалпысынан партиялык жана бир мандаттуу тизме боюнча миңге жакын талапкер катышары белгиленди.