7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кабмин ишкерлерге пайызсыз кредит берүүдө. Кандай шартта, канча берилет?

1866

Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Министрлик каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин белгиледи. Башкача айтканда, үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.

«Долбоордун максаты — майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. Анын алкагында 72 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз каражат берилет. Бул болжол менен 6 миллиард 84 миллион сом», — деп айтылат маалыматта.

Патент менен иштеген майда ишкерлер үчүн жалпы 30 миллион доллар бөлүнөт. Ар бир карыз алуучуга 100 миң сомдон каралган;

Салык төлөп келген чакан, орто ишканаларга, юридикалык жана жеке тараптарга 42 миллион доллар берилет. Ар бир ишкер 825 миң сомго чейин ала алат.

Бул иштерди аткаруу үчүн төмөнкү банктар менен келишим түзүлдү:

  • «Айыл банк»;
  • «Азия банкы»;
  • «ФинансКредитБанк»;
  • «Кыргызстан коммерциялык банкы»;
  • «Борбордук Азиялык Капитал банкы».
  • «Халык Банк Кыргызстан»;
  • «Керемет банк»;
  • «Дос-Кредобанк».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1867