7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Компьютердин алдында туура эмес отуруудан улам мээге кычкылтек жетпей калат

577

Компьютердин алдында туура эмес отуруу ден-соолукка зыян. Бул тууралуу дарыгер-ортопед Елена Пастарнак билдирди.

Дарыгердин айтымында, адатта бул иштин өзү жеңил өтүп, ага карабастан алдан тайып калганда байкалат. Себеби адам туура эмес отурганда мээге кычкылтек жетпей калат.

«Мониторду тиктеп көпкө отурганда башыбызды түз кармабайбыз. Башыбыз алдыга ылдыйлаганда моюн булчуңдарына күч келип, кан жакшы айланбай, баш ооруп, адам өзүн жаман сезет. Анан далыны куушуруп, бүкүрөйүп да алабыз. Мунун айынан төш кысылып, дем алуу начарлайт. Мээге кан менен кычкылтектин толук жетпей калышынан алсыздык жана уйкучулук жаралат», — деди Пастарнак.

Дарыгер мындай кесепеттерди алдын алуу үчүн компьютердин алдында белди жана башты түз кармап отурууну, ошол эле учурда чыңалбай, денени бош коюуга кеңеш берген.

Эскерте кентсек,  дарыгер-ортопед кеңсе кызматкерлерине күнүнө жок дегенде бир сааттан ордунан туруп, кыймылдоону сунуштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578